You are currently viewing

Урматтуу Кайыңды шаарынын тургундары!

Кыргыз Республикасынын «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, ар бир менчик ээси өз турак жайын (жеке үйүн же батирин) милдеттүү түрдө камсыздандырууга тийиш.

Күтүлбөгөн кырсыктардан — өрттөн, селден, жер титирөөдөн (6 баллдан жогору), катуу шамалдан, суу каптоодон жана башка табигый кырсыктардан улам турак жайыңызга зыян келтирилсе, мамлекет тарабынан кенемте (компенсация) төлөнүп берилет.

Маалымат үчүн байланыш телефону: 0550-771-733; 0705-814-860