Жаңы унаа сатылып алынды.

Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан бак-дарак, көчөттөрдү сугарууга, ички көчөлөрүнө суу себүү максатында, жогорку басымдуу тапанча менен жабдылган, заманбап суу чачуучу, жүктөө кубаттуулугу 5 тонна болгон атайын техника сатып алынды.

“Алыкул-фест” арт-фестивалы өтөт.

2024-жылдын 15-июнунда Чүй облусунун, Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы А.Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинин аймагында "Алыкул-фест" арт-фестивплы өтөт. Маданий иш-чарага республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн ардактуу коноктор катышат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата футбол боюнча турнир өттү

2024-жылдын 1-майында Кайында шаарындагы Жеңиш сейил багындагы стадиондо 1-май - Эмгек майрамына, 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата футбол боюнча турнир өттү.…