You are currently viewing Урматтуу Кайыңды шаарынын тургундары!

Урматтуу Кайыңды шаарынын тургундары!

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту калктын коррупцияга каршы маалымдуулугунун деңгээлин изилдөөнү жүргүзөт.

Изилдөөнүн максаты – коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө жарандардын маалымдуулугунун деңгээли, коррупциялык укук бузуулар жана мыйзамдарда белгиленген жоопкерчилик жөнүндө билдирүү ыкмалары жөнүндө объективдүү маалымат алуу, ошондой эле калктын коррупцияга болгон мамилесин жана анын көрүнүштөрү жөнүндө жарандардын билдирүүгө даярдыгын изилдөө.

Изилдөө ыктыярдуу жана анонимдүү онлайн-анкеталоо аркылуу жүргүзүлөт.

Алынган маалыматтар аналитикалык баяндаманы даярдоо жана коррупцияга каршы мамлекеттик маалыматтык саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жалпыланган түрдө гана пайдаланылат.

Жарандардын изилдөөгө катышуусу ыктыярдуу түрдө өтөт.

Изилдөөгө катышуу үчүн шилтеме:

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdOVyztGdPPnyzP0f8OrXoLm74Pq4m8Jz8NJ5w2mI_Nx5MdfA/viewform?usp=dialog