You are currently viewing Урматтуу Кайыңды шаарынын тургундары!

Урматтуу Кайыңды шаарынын тургундары!

✅ Мамлекеттик камсыздандыруу уюму – жарандардын коопсуздугу жана каржылык туруктуулугу үчүн ишенимдүү камсыздандыруу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт.
1)Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу. (ОСЖ)
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жайды милдеттүү камсыздандыруу бардык турак жай ээлери үчүн зарыл. Ал өрттөн жана табигый кырсыктардан (суу каптоо, сел, жер көчкү, жер титирөө жана башка учурларда) мамлекеттик коргоону камсыздайт.
2)ОСАГО жолдо өзүңүздү ишенимдүү сезиңиз!
ОСАГО – мыйзам менен милдеттендирилген камсыздандыруунун түрү. Ал айдоочунун үчүнчү жактардын алдындагы жарандык жоопкерчилигин камсыздандырып, жол кырсыгында жабыр тарткан тараптын чыгымын төлөп берет.
3)КАСКО Экстра – ОСАГО баасында кошумча коргоо.
Эгер айдоочу күнөөлүү болсо, ОСАГО жабырлануучунун чыгымын төлөйт, ал эми КАСКО Экстра өзүңүздүн автоунааңыздагы зыянды жабат. Бул айдоочулар үчүн жеткиликтүү жана пайдалуу чечим.
4)КАСКО – жолдо толук ишеним.
КАСКО автоунааңыз үчүн кеңири коргоо болуп эсептелет. Ал жол кырсыгынан тышкары табигый кубулуштардан, уурдоодон жана үчүнчү жактардын мыйзамсыз аракеттеринен келген зыянды жабат.

Маалымат үчүн байланыш телефону: 0550-771-733; 0705-814-860