You are currently viewing “Жашыл Мурас” кампаниясынын алкагында Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан жашылдандыруу иштери уланууда.

“Жашыл Мурас” кампаниясынын алкагында Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан жашылдандыруу иштери уланууда.

2022-жылы Президент С.Н. Жапаровдун демилегси менен баштаган Улуттук “Жашыл Мурас” кампаниясынын алкагында Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан жашылдандыруу иштери уланып, 2024-жылдын 06-апрелинде “Жеңиш” сейил багында, борбордук аянтчасында, мектептер менен бала бакчаларда жалпысынан 470 түп ак кайың жана мөмөлүү дарактардын жаш көчөттөрү отургузулду. Мындан ары да шаарды жашылдандыруу иштери улантылат
Ошондой эле, шаардын санитардык- экологиялык абалын жакшыртуу максатында Кайыңды шаарынын мэриясынын кызматкерлери, мектептер жана бала бакчалар менен биргеликте ишембиликке чыгып, айлана-чөйрөнү иретке келтирди.