Кайыңды шаарынын мэриясынын

2024-жылдын 11-июнундагы

№ 01-12-108 тескемесине тиркеме

 “2025-2030-жылдарга Кайыңды шаарынын аймагында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын Планы

.

Аткарыла турган иштерАткаруучуАткаруу мɵɵнɵтү
1.Укуктук пропаганданы жайылтуу жана калктын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын алкагында калкка, алардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдөгү укуктарын, түшүндүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин коррупцияга каршы стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуусу жарандардын катышуусу менен активдештирүү  Кайыӊды шаарынын мэриясы  2025-2030 жылдар
2.Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамын колдонууну  өркүндөтүү максатында, ар бир калк менен жолугуушууларда эскертүүКайыӊды шаарынын мэриясыАр дайым
3.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын аткаруу масксатында муниципалдык кызматты өтөөнүн тартибин жөнгө салуу үчүн:  – жаранды муниципалдык кызматка кабыл алууда же кызматка дайындаганда, коррупцияга каршы жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштарды жасабагандыгы жөнүндө милдетемелерди жазуу жүзундө жастырып өздук делосона тиркесилсин;  – комиссиялардын жыйналыштарын видео- аудио жаздырууну колдонуу менен муниципалдык кызматтар кадрлар резервине конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө комиссиянын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуусу;  -ырааттуулук жана кезектүүлүк принциптерин сактоо менен бекитилген тандоо критерийлеринин негизинде кадрлар резервинен квалификациялуу адистерди ишке дайындоо тартибин сактоо; – коррупцияны алдын алуу максатында белгиленген тыюу салуулар, чектөөлөр жана кызматчылардын милдеттери аткаруусу кызматтык милдеттери жаңылануусу.Кайыӊды шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана персоналды башкаруу боюнча башкы адис                                                  2025-жылдан баштап, андан 2030-жылга чейин
4.Жарандар менен өз ара аракеттенуу процесстерин автоматташтырууга багытталган «Тундук» ведомстволор аралык электрондук системасында  юридикалык жактардан талап кылынган документтердин (маалымкаттардын, маалыматтардын ж.б.) тизмесинде көрсөтүлгөн кызматтар боюнча элдин арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көмөк көргөзүүКайыӊды шаарынын мэриясынын  кызматкерлериАр дайым
5.Коомдук уюмдар менен бирдикте мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо максатында иш-чараларды, кабыл алынган чечимдерди жана ведомстволук актыларды талдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү, андан кийин аларды четтетүү боюнча сунуштарды киргизүү.  Кайыӊды шаарынын мэриясы2025-2030- жылдын аралыгында, андан кийин дайыма
6.Жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупцияга жол бербөө жана аны алдын алуу боюнча чараларды көрүу менен коррупциялык укук бузууларга байланыштуу жергиликтүү өзунун башкару органдарга келип түшкөн кайрылууларды (даттанууларды) өз убагында аткаруусу жана талдоо жүргүзүүсүнКайыӊды шаарынын мэриясыАр дайым
7.Бюджеттик процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана финансылык тартипти бекемдө, кирешелерди, бюджеттик бөлүгүнүнө түшкөн каражаттарды муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү процесстерин, мыйзамдуулугун жана толуктугун камсыз кылууну; — бюджеттик документтерди жарыялоо аркылуу бюджеттин ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү, бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын контролдоо жана көзөмөлдөө механизмдерин бекемдөө, бюджеттик процесстерге жарандык коомду тартуу; – жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында жаңы санариптик технологияларды колдонуу;  -Бюджеттик ачык-айкындуулук үчүн ченемдик-укуктук актыларды замамбап технологиялар аркылуу жергиликтүү калкка жеткирүүнү жана аны кабыл алуусу; – накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу жана аларды кабыл алуу: – КР “Сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу.Кайыӊды шаарынын мэриясынын каржы жана үнөм бөлүмү2024-жылдын 4-кварталынан баштап 2030-жылга чейин
8.Муниципалдык жерлерди ижарага алууда же сатып алууда ачык аукциондордо (конкурстарда) бөлүп төлөп берүү жагы  жергиликтүү өкүлчүлүктүү орган тарабынан каралуусун камсыз кылууну  Кайыңды шаарынын укуктук жана жер боюнча сектору2025-2030 жылдары